Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө Россиянын үлүшү 22%га жетти

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө Россиянын үлүшү өсүү үстүндө болуп, учурда 22 пайызга жетти. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов Бишкекте өтүп жаткан россиялык ишкерлердин көп тармактуу миссиясында билдирди.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосунда достук жана экономикалык байланыштар дайым бекем болуп келген.
"Россиялык компаниялар үчүн Кыргызстан ыңгайлуу. Акыркы жылдары өлкөгө келген компаниялар бул жааттагы өзгөрүүлөрдү байкап жатышат. ИДП өсүүдө, мында россиялык инвестициялардын дагы салымы чоң. Ошондой эле Россия өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн белгилеп кетүү зарыл", — деди Сейитов.
Мындан тышкары, Сейитов Кыргызстандагы салык мыйзамдарынын ийкемдүүлүгүн айтып, өлкө россиялык ири инвесторлор үчүн өзгөчө шарттарды сунуштай аларын кошумчалады.
Россиялык бизнесмендер үчүн Кыргызстандын рыногу келечектүү экенин айтышты