БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын Евразия аянтчасында тыгыз кызматташтыгы адилеттүү дүйнөлүк тартипти калыптандырууга маанилүү салым болуп саналарын Россиянын элчиси Сергей Вакунов билдирди.
Вакуновдун Россия күнүнө карата кайрылуусундагы урунттуу учурлар:
эки өлкөнү убакыт сынынан өткөн чыныгы достук мамилелери бириктирип турат;
эки тараптуу мамилелердин өсүшү мамлекет башчыларынын тынымсыз байланыштары менен аныкталууда. Өткөн жылы эле Садыр Жапаров Россияга алты жолу барса, быйыл президенттер Жеңиштин 80 жылдыгын Москвадагы Кызыл аянтта белгиледи;
Россиянын дипломатиясы көп полярдуу дүйнөнүн калыптануусун жактайт. Ал эл аралык саясатта тоскоолдуксуз өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берет;
өткөн жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 14,7%га өсүп, 3,5 млрд долларды түзгөн. Улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн үлүшү 98%дан ашты;
кыргыз экономикасына Россия көп инвестиция кылууда. Сандар 2024-жылы 23%га өсүп, дээрлик 200 миллион долларга жеткен;
Россия-Кыргыз экономикалык кызматташтыгынын ийгилигине өлкөлөрдүн ЕАЭБге мүчө болгону да таасир этет;
гуманитардык тармакта да кызматташтык өнүгүүдө. Кыргызстандын аймагында Россия тогуз мектеп курууга даярдык көрүүдө, "Чет өлкөдөгү Россиянын мугалими" долбоору ишке ашууда, тогуз миңден ашуун кыргызстандык студент РФ ЖОЖдорунда билим алууда;
быйылкы жыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен байланышкан. Республиканын он миңдеген жараны дүйнөлүк "Өчпөс полк" акциясына катышып, өлкөдө советтик жоокерлердин жаркын элесине арналган көптөгөн иш-чара өткөрүлдү. Россия кызматташканды билет. Ар дайым жардам берүүгө даяр жана дос мамлекеттердин колдоосун жогору баалайт.
Иш-чарага 500дөн ашык конок, анын ичинде мамлекеттик катчы, Коопсуздук кеңешинин катчысы, министрлер, депутаттар, коомдук ишмерлер жана башка адамдар катышты.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Игорь Воронцовго өлкөлөрдүн маданий кызматташтыгына кошкон салымы үчүн Россиянын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Пушкин медалы ыйгарылды.
Иш-чарада ошондой эле Россиянын жаратылышынын кооздугуна арналган Орус географиялык коомунун "Россия күнү үчүн" аттуу сүрөт көргөзмөсү болду.