Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылды делип 18 жаштагы жигит кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылды деген шек менен 18 жаштагы улан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, шектүү тарабынан М.Р. аттуу 33 жаштагы жарандын өмүрүнө коркунуч жаралганы боюнча маалымат түшкөн.
"Тергөөдө экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болгону аныкталган. Шектүү Ысык-Көлдөн ТТ үлгүсүндөгү тапанча алып келип, М.Р. менен жолугушууда ок чыгарган. Бул учурда ошол жердеги ИИББдин ыкчам кызматкери асманга эскертүү иретинде ок чыгарып, шектүүнү кармаган", — деп айтылат маалыматта.
Тапанча жана ок-дарылар далил катары алынып, "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен иши козголгону кошумчаланды.
Бишкекте соттолгон адамды коштоп жүргөн жоокер өзүн атканы кабарланды