БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук күчтөрү 2024-жылы 550 террордук жана экстремисттик кылмыштарды алдын алды. Бул тууралуу ФСБнын директору, КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилери кеңешинин төрагасы Александр Бортников билдирди.
Ал КМШ өлкөлөрүнүн антитеррордук түзүмдөрүнүн жыйынына катышканын РИА Новости жазды.
"Өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары жана укук коргоо органдары 550 террордук жана экстремисттик кылмыштарды алдын алып, 5,5 миңден ашык террорчу, экстремист жана жалданма кылмышкерлер аныкталган. Бул категориядагы 1,5 миңден ашык адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деди Бортников.
Ал ошондой эле КМШдагы кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн эл аралык террордук уюмдардын лидерлери Киев режимин колдоп согушуп жаткан борбор азиялык адамдарды пайдаланып жатышканын кошумчалады.