11-июнга карата аба ырайы

11-июнда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Шаршембиде жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 27…32, Талас өрөөнүндө 23…28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 18…23, Ысык-Көл жеринде 17…22, Нарын чөлкөмүндө 23…28 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 28…30, Ош шаарында 20…22 градусту көрсөтөт.
Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы