Бүгүнкү күндө адамдардын көпчүлүгү күнүмдүк жашоодо стресске кабылышат. Адистердин айтымында, стресстин эки түрү болот. Узакка созулган стресс жүрөк-кан тамыр ооруларынын, уйкусуздуктун жана иммунитеттин төмөндөшүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Аны менен күрөшүү үчүн туура тамактануу, физикалык активдүүлүк жана эс алуу абдан маанилүү. Мектептерде жана жумуш орундарында стресс деңгээлин азайтуучу программалардын болушу зарыл. Дарыгерлер өзүн чарчаган, тынчсызданган же узакка көңүлү чөгүп жүргөн адамдар адистерге кайрылууну сунушташат.
Стресс балдар, өспүрүмдөр, чоңдор жана кары адамдарда кандай өтөрүн, ага туруштук берүүгө кантип үйрөнсө болорун “Көз мончок” программасынан уга аласыздар.