ИИМ: соттуулугу тууралуу маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулду

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Соттуулугу бар-жогу жөнүндө маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, кызмат 14-апрелден тарта Ош, Бишкек шаарларында, ал эми 1-майда өлкө боюнча онлайнга өткөн.
Соттолбогону тууралуу маалым катты "Түндүк" аркылуу алуу жол-жобосун төмөнкү видеодон көрө аласыз.
Буга чейин Мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу өнөктүгүнүн алкагында 50 жашка чейинкилерге маалым каттар кагаз түрүндө берилбей калары айтылган.
Кыймылсыз мүлктүн келишимдерин “Түндүк” аркылуу каттоого болот