Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Россия Украинадан болчу террордук коркунучтун баарына жооп берүүгө даяр

Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Россия Украина тараптан күчөп жаткан террордук коркунучту басуу жана жарандарды коргоо үчүн бардык аракетин көрөт. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Анткен менен ал калктын сергектигин арттыруу маанилүү экенин, бул багыттта иштер жүрүп жатканын белгиледи.
"Киев режиминде мындай (террордук — ред.) ыкмалар башынан кайсы бир деңгээлде эле бар болчу. Террордук коркунуч күчөп кетүү ыктымалдуулугу бар. Биз аларды көрүп турабыз жана элге зыян тийбегидей кылып басууга бардык аракетти көрөбүз", — деди Лавров.
Лавровдун билдирүүсүндөгү башка маанилүү учурлар:
Украинадагы атайын аскердик операция уланат, бирок Россия дипломатиялык чараларга даяр;
Атайын операциянын жыйынтыктары кийинчерээк документтер менен юридикалык жактан бекемделет;
Украина жаңжалында "эң мыкты дипломаттар" — алдыңкы катардагы орус жоокерлери;
Одессадагы Кесиптик бирликтер үйүндөгү трагедия боюнча иликтөө жүрбөгөнү Европа кеңеши үчүн уят иш;
Россия АКШ менен стратегиялык коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүгө даяр, бирок ал тең ата негизде болушу керек;
Москва Байдендин администрациясына караганда Трамптыкы менен "жакшыраак" мамиледе.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын туткунга түшкөн жоокерлеринин биринчи тобу мекенге кайтарылды