БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жоокери өз жанын кыйды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.
Маалыматка ылайык, каргаша 7-июнь күнү болгон.
"19 жаштагы Б.А. аттуу жоокер соттолгон кишини жеке клиникага коштоп бара жатып өзүн-өзү аткан", — деди булак.
Факт боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогону кошумчаланды.