10-июнга карата аба ырайы

10-июнга караган түнү айрым жерлерде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. 10-июнь, шейшембиде, күндүз көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаай турганы айтылды.
Кыргызгидромет тараткан маалымат боюнча, абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жергесинде +21...+26, Нарын өрөөнүндө +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүз күн күркүрөп, жамгыр жаап, күндүн табы +30...+32, Ош шаарында +31...+33 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Балыкчы — Кочкор темир жолу 9 млрд. 472 млн. сомго курулары айтылды