Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина жоокерлердин сөөгүн алуу жана туткундарды алмашуу мөөнөтүн күтүүсүз жылдырды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Украина жоокерлердин сөөгүн алуу жана туткундарды алмашуу мөөнөтүн күтүүсүз жылдырды. Бул тууралуу Украина менен сүйлөшүүлөрдө делегацияны жетектеген Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россия Киевди үй-бүлөсү адамча жерге бериши үчүн алты миңден ашуун украиналык жоокердин сөөгүн алып кетүүгө чакырууда. Ошондой эле Мединский Россиянын Коргоо министрлигинин атайын тобу Украинанын чек арасында күтүп турганын, бирок украиналыктар алмашуу жүрчү жерге али келе электигин кошумчалады.
Эске салсак, Стамбулда Россия менен Украина каза болгондордун сөөгүн алып кетиши үчүн фронттун айрым участокторунда ок атууну токтотууну макулдашкан. Ошондой эле Украинага алты миң жоокердин сөөгү эч кандай талапсыз өткөрүп берилмек.
Путинге Стамбулдагы сүйлөшүүлөр боюнча маалымат берилди. Урунттуу учурлары