РФ ТИМи Киевдин өз аскерлеринин сөөгүн алуудан баш тартканына жооп кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Дүйнөдө аскерлерин жерге берүүдөн баш тарткан эл жок. Киевге өзүнүн жарандары керек эмес. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова РИА Новостиге билдирди.
Ал Украинанын аскерлеринин сөөгүн кабыл алуудан баш тартканы жана туткундарды алмашуу кийинкиге жылдырылганы боюнча комментарий берди.

“Киев режимине өз жарандары тирүү да, өлүү да керек эмес. Дүйнөдө өз жоокерлерин жерге берүүдөн баш тарткан бир дагы улут же этнос жок. Бирок элине каршы геноцид кылган Киев режими бар”, — деди ал.

Бүгүн РФ президентинин жардамчысы, Украина менен сүйлөшүүлөр боюнча делегациянын башчысы Владимир Мединский Киев Стамбул келишимдерин бузуп, сөөктөрдү кабыл алууну жана туткундарды алмашууну белгисиз мөөнөткө жылдырганын билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жоокерлердин сөөгүн алуу жана туткундарды алмашуу мөөнөтүн күтүүсүз жылдырды