БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жакында Калифорния штаты үчүн федералдык каржылоону олуттуу кыскартууну көздөп жатканын, андан жогорку окуу жайлар көп жабыркашы мүмкүн экенин CNN жеке булактарына таянып жазды.
Калифорния дайыма Демократиялык партияны колдогон штат болуп саналат жана Трамп бул штатты бир нече жолу сынга алган. Өткөн айда республикачыл президент трансгендер спортчунун мелдешке катышкандыгы үчүн штатты мамлекеттен каржылоо кыскартыла турганын айткан. Белгилей кетсек, Трамп менен Калифорния губернатору Гэвин Ньюсом соңку жылдарда бири-бирин ачык эле айыптап келишет.
Трамптын каржыны кыскартуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин Гэвин Ньюсом андай боло турган болсо штат федералдык салыктарды төлөөдөн баш тартышы мүмкүн экенин айткан.
"Биз бюджеттен каражат алганга караганда 80 миллиардга көп салык төлөйбүз. Эми аны төлөбөй койгонго убакыт келди окшойт, Дональд Трамп", — деп жазган Ньюсом.
Белгилей кетсек, 39 миллион калк жашаган Калифорния АКШнын эң бай жана калкы көп штаты болуп эсептелинет.