Трамп Байдендин колу автоматтык түрдө коюлган учурларды иликтөөнү тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн.— Sputnik. АКШнын лидери Дональд Трамп Ак үйдөгү юрист-кеңешчиси менен башкы прокурорго мурдагы мамлекет башчы Жозеф Байдендин колу алдын ала даярдалган, тагыраагы, автоматтык түрдөгү ыкма менен коюлган президенттик жарлыктардын мыйзамдуулугун иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу америкалык лидердин документинде айтылганын РИА Новости жазды.
"Президенттин кеңешчиси башкы прокурор жана аткаруу бийлигиндеги тиешелүү агенттиктин жетекчиси менен сүйлөшүп, мыйзам чегинде текшерүү жүргүзүшү керек. Ал кайсы бир адамдар Байдендин психикалык абалы боюнча маселеде коомчулукту адаштырууну көздөп, президенттин ыйгарым укуктарын, милдеттерин Конституцияга каршы аткаруу боюнча макулдашып алган-албагандыгын териштириши зарыл", — деп айтылат документте.
Трамптын чечиминде иликтөө автоматтык түрдө, тагыраагы, Байдендин даяр колун коюу кайсы учурда жана кайсы документке пайдаланылганын тыкыр кароо талап кылынган. Текшерүүгө ар кыл документтер: ырайым кылган жана аткаруучу жарлыктар, президенттик меморандумдар, саясий чечимдер жана аларга коюлган кол алынарын айтышты.
Иштин жүрүшүндө автоматтык колду ким пайдаланып, документке койгону да аныкталат дешти.
Мындан тышкары, Трамп Байдендин психикалык саламаттыгы жана өзү басып жүрө алганы жөнүндө маалыматты коомчулуктан атайылап жашырууга багытталган ар кандай аракеттерди аныктоону буюрду. Аны менен катар эле алдыда экс-президенттин жардамчыларынын анын абалын көбүртүп-жабыртып көрсөтүү максатында жалган билдирүүлөрдү жасоо боюнча сүйлөшүп алганын тактоо иштери турат.
АКШда Харрис, Клинтон жана Байдендин үй-бүлөсү купуя маалыматсыз калды