Эл аралык алаканы бекемдөөгө салым кошкондор үчүн сынак жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Эл аралык алаканы бекемдөөгө салым кошкондор үчүн байге фонду 25 миллион рублди түзгөн сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Евразия" уюмунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн арыздар 15-июлга чейин кабыл алынып, сыйлыктар 29-октябрда Москвада тапшырылат.
"Сыйлык эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, салттуу баалуулуктарды сактоого жана Евразия мейкиндигинде маданий байланыштарды бекемдөөгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Ага Россия, Молдова, Армения, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Тажикстан жана башка өлкөлөрдүн жарандары катыша алат.
Сыйлык эл аралык баарлашуу каражаты катары орус тилин колдоо үчүн "Тынчтык тили", искусство чөйрөсүндөгү долбоорлор үчүн "Маданий код", маданият жана тарыхты бурмалаган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталган журналисттик иштер үчүн "Евразиянын добушу: коргоо" жана салттарды заманбап форматта чагылдырган медиадолбоорлор үчүн "Евразиянын добушу: шыктандыруу" сыяктуу 15 номинация боюнча ыйгарылат.
Ошондой эле билим берүү, медицина, ыктыярчылык, тарыхты сактоо жана эл аралык диалогду өнүктүрүү боюнча сыйлыктар берилет. Мындан тышкары, "Жаркын башталыш" номинациясы жаштарды жана демилгелерди колдойт.
"Евразия" уюму ИИМдин кызматкерлерин окутуп, грант бөлөт