Зыяратчылардын Меккедеги мечитке баруучу жолун коопсуз кылып жасоо пландалууда

Sputnik
МЕККЕ, 4-июн. — Sputnik. Зыяратчылардын Мекке шаарындагы Масжид аль-Харам мечитине баруучу жолун ыңгайлуу жана коопсуз кылып жасоо пландалууда.
Бүгүн ыйык шаарда эл аралык журналисттерге Masar долбоорунун презентациясы жасалды. Документтин максаты — Масжид аль-Харам мечитине баруучу жолду зыяратчылар үчүн жакшыртып берүү. Презентацияны Umm Al Qura for Development & Construction мамлекеттик компаниясы өткөрдү. Журналисттерге жөө адамдар өтө турган коридордун аймагы, долбоордун архитектуралык жана санариптик моделдери көрсөтүлдү.
"Masar долбоору зыяратчылардын мечитке болгон сапарын коопсуз гана эмес, жогорку деңгээлде ыңгайлуу кылууга да багытталган", — деди компаниянын өкүлү.
Masar долбоору төмөнкүлөрдү камтыйт:
жөө адамдар өтө турган борбордук бульвардын узундугу 3,65 чакырымды түзөт. Бул жол шаардын батыш тарабындагы кире беришинен мечитти көздөй алып барат;
жаңы транспорттук инфраструктура, анын ичинде паркинг, коомдук транспорттор үчүн аялдамалар жана логистикалык борборлор камтылат;
эс алуучу жашыл аймактар жана бир нече тилдеги навигациялар болот;
1,2 миллион чарчы метрден ашык жерге мейманканалар жана коммерциялык курулуштар түшөт;
Биринчи фазаны 2026-жылга чейин бүтүрүп, 2030-жылга карата толук ишке киргизүү пландалууда.
Masar долбоору "Меккенин жаңы дарбазасы" деп аталып, Vision — 2030 демилгесинин негизги элементи болуп калмакчы.
Сауд Арабия ажылыкка кантип даярданды. Коопсуздук чаралары жана жаңы чектөөлөр