БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Келерки окуу жылында Кыргызстанга Россиядан жаңы окуу китептери келерин Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева билдирди.
Ал китептер биринчи, экинчи, бешинчи жана жетинчи класстарга берилерин белгиледи.
"Учурда Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү жаңы окуу китептеринин мазмуну боюнча иштеп, ыңгайлаштырып жатышат. Ошондой эле россиялык кесиптештер менен биргеликте билим берүү программалары түзүлүүдө. "Просвещение" басмасы жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен дайыма байланыштабыз", — деди Дүйшеева.
Адис жаңы китептер орус тили жана адабияты боюнча экенин кошумчалады.