Пресс-борбор

КБА президенти: 6 жаштагы балдар үчүн 1-класста окуу кыйын болбойт

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Алты жаштагы балдар үчүн 1-класста окуу кыйын болбойт. Анткени программа алардын жаш курагына ылайыкталган. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) президенти Назира Дүйшеева Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, 1-класстын программасы бала бакчадагы балдарга мурдатан тааныш болгон "Наристе" программасынын негизинде түзүлгөн. Мындан тышкары, мектепке чейинки балдар үчүн режим сакталат. Тагыраагы, академиялык саат 35 мүнөткө созулуп, бир жылда 32 окуу жумасы болот. Тыныгуулар, оюн аркылуу окутуу, экскурсиялар камтылган.
"2025-жылы "өткөөл" вариант каралууда. Ага ылайык, даярдоо программасын (бала бакчада же өз алдынча) өздөштүргөн балдар дароо экинчи класска аттай алышат. Мындай нерсе 2025-жылы гана мүмкүн. Андан кийин баары бир тартип менен гана алынат — балдар 6 жаштан 1-класстын босогосун аттайт", — деди Дүйшеева.
Ата-эне баласын 6 жаштан 1-класска бергиси келбесе мамлекет кандай чараларды көрөт? Дүйшееванын айтымында, азырынча чаралар тууралуу сөз жок.
"Бул — албетте, ата-эненин укугу, бирок 12 жылдык билим берүү концепциясы боюнча балдар 1-класска 6 жаштан баштап кабыл алынат. Ал эми ата-эне баласын ушул куракта жибергиси келбесе, анда анын себептерин такташ керек болот", — деди ал.
Дүйшеева алты жашында баланын сенсордук кабылдоосу, эс тутуму, көңүл буруусу, ой жүгүртүүсү жана башка когнитивдик процесстер активдүү өнүгөрүн, муну колдонуп калуу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 12 жылдык мектепте билим берүүнүн биринчи этабы 2025/2026-окуу жылында башталат.
Пресс-борбор
12 жылдык окууда 1-классты бүткөн окуучу эмнелерди билиши керектиги тизмектелди