Пресс-борбор

Тил билбегендер кызматтан алынбайт. Байсалов тил саясаты тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргыз тилин билбегендер кызматтан алынбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Буга чейин Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорлорунун пакети биринчи окууда каралганда кызуу талкуу болуп, мыйзам кабыл алынса башка улуттагылар депутат боло албай каларын айтышкан.
Байсалов мамлекеттик тилди колдонуу боюнча мыйзам долбоорлоруна түшүндүрмө берди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
"Кеп тилибизди өнүктүрүү, "Кыргыз жараны" деп кабыл алынган жарандык концепцияга көп улуттуу элди интеграциялоо жөнүндө болуп жатат. Мамлекеттик реформалардын арты менен мамлекеттик тилдин кадыр-баркы өсүп жатат. Көптөгөн документтер кыргызча жазылып, жыйындар, конференциялар өтүүдө. 10 жыл мурун муну элестетүү мүмкүн эмес болчу", — деди ал.
Вице-премьердин тил саясаты боюнча айткандарынын урунттуу учурлары:
мамлекеттик тилди билбегендер иштен алынбайт жана тил саясатын министрлер кабинети терең ойлонуп, кылдаттык менен жүргүзөт;
мыйзам этникалык азчылыктын өкүлдөрүнө депутат болууга тоскоол болот деген маалымат чындыкка коошпойт. Шайлоочулар кимге добуш берсе, ошол Жогорку Кеңешке депутат болот;
орус тили расмий тил катары Конституцияда бекитилгенин унутпашыбыз керек, анын макамын кайра кароого эч кандай негиз да, план да жок;
кыргыз тилиндеги контенттерди көбөйтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, китептерди, терминдерди, тасмаларды которууга басым жасалат.
Мамлекеттик тилди билүүгө талаптарды күчөтүү сунушталууда