3-июнга карата аба ырайы

3-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 3-июнь, шейшембиде, тоолуу райондордо күн күркүрөп, өткүн өтөт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+22, Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындуу болот. Кыргызстан боюнча 9-июнга чейинки аба ырайы