БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөштөн 200 миллиард сомдон ашык каражат бюджетке түшүп, мыйзамсыз менчиктештирилген 1100дөн ашык мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратын ачып жатып билдирди.
Мамлекет башчысы кызматкерлердин чечкиндүү аракеттеринин аркасында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөш ийгиликтүү уланып жатканын айтты.
“Натыйжада өлкө бюджетине 200 миллиард сомдон ашык каражат кайтарылып, экономиканын өнүгүшүнө чоң салым болуп калды. Ошондой эле мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 1100дөн ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылып, калктын кеңири колдоосуна ээ болду”, — деди Жапаров.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор жок кылынганын, эми кезек коррупцияга жеткенин белгилеген. Анын айтымында, бул күрөштүн күч алган этабы 4-5 жылга созулат.