Бишкектин түштүк тарабында Sky Park Baytik паркы ачылды. Сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкектин түштүгүндө Sky Park Baytik оюн-зоок паркы ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев катышып, балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
1 / 3

Долбоорго 1 миллиард сом инвестиция тартылып, 200 иш орду түзүлгөн

2 / 3

4,5 гектар аянтта 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты, батут аянты жана VR-аймагы бар

3 / 3

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев парктын аймагын көрүп чыгып, президенттин атынан балдарга белектерди таратты

“Балдарды коргоо күнү — жөн гана дата эмес. Ар бир бала — биздин кубанычыбыз, үмүтүбүз, келечегибиз. Биз аларга бактылуу балалык, башына жарык асман, өсүп-өнүгүшүнө татыктуу шарттарды түзүп берүүгө милдеттүүбүз”, — деди Касымалиев.
Андан соң өкмөт башчы парктын аймагын көрүп чыгып, президенттин атынан балдарга белектерди таратты.
Долбоорго 1 миллиард сом инвестиция тартылып, 200 иш орду түзүлгөн. 4,5 гектар аянтта 17 аттракцион, балдар аквапаркы, кичинекей балдар аянты (10 жашка чейинки балдар үчүн), батут аянты жана VR-аймагы (виртуалдык реалдуулук) бар. Келечекте парктын аймагында амфитеатр, музейлер, көргөзмө залдары, фестивалдар жана концерттер үчүн ачык асман алдындагы сахналар курулары белгиленди.
Садыр Жапаров балдарды куттуктап, ата-энелерге кайрылды