БИШКЕК, 1-июн. —Sputnik. Кыргызгидромет 9-июнга чейин өлкөдө күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, алдыдагы апта ичи Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 36 градуска чейин чыгат. Жаан-чачын 7-8-июнь күндөрү болору күтүлүүдө. Ош шаарында дүйшөмбүдө мезгил-мезгили менен жамгыр жаай турганы айтылды. Калган күндөрү асман ачык болуп, күндүн көзү ишембиде кайрадан бузулары божомолдонду.
Чүй, Талас
Аймактарда алдыдагы жума өзгөчө тоолуу райондордо жаан-чачындуу болору айтылды. 7-8-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Республиканын түштүк аймактарында эртең жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган күндөрү дыйканчылык аймактарда күн ачык болот, бирок 7-8-июнда көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаайт.
Ысык-Көл, Нарын
Эки региондо жума жамгыр менен башталат. 7-июнга чейин тоолуу райондор жаан-чачындуу келип, өрөөндөр менен дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Синоптиктер апта соңу бул аймактарда дагы мезгил-мезгили менен жамгыр жаай турганын эскертишти.