2-июнга карата аба ырайы

Түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде жаан-чачын жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 26…31, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25…30, Ысык-Көл өрөөнүндө 17...22, Нарын аймагында 14…19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте 27…29, Ош шаарында 26…28 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектин түштүк тарабында Sky Park Baytik паркы ачылды. Сүрөттөр