Таласта 12 киши шаурмага ууланды

Sputnik
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Талас шаарында 12 киши шаурмага ууланып ооруканага кайрылганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жабыркагандардын бардыгы 29-майда "Казан шаверма" тез татымынан шаурма жешкен. Ууланган 12 кишинин бири ооруканага жаткырылса, калганы дарыгерге көрүнгөн соң үйлөрүнө жиберилген.
Лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн тез татымдагы продукциядан үлгү алынганы кошумчаланды.
Тамактануучу жайга 36 миң сомго протоколдор түзүлүп, мекеме убактылуу жабылганын айтышты.
Тамакка ууланып калбаш үчүн биле жүрчү эрежелер