БИШКЕК, 31-май. — Sputnik. 1-июнь, жекшембиде, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл өрөөнүндө +16...+21, Нарын аймагында +13...+18 градус болот.
Термометр Бишкекте +22...+24, Ош шаарында +24...+26 градусту көрсөтөт.