БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтом "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, мурда трансформацияланган, бирок каттала элек жер тилкени жергиликтүү бийлик коомдук угуу өткөрбөй эле "калктуу конуштар" категориясына өткөрө алат. Бул норма дача же багбанчылык үчүн берилген жерлерге тиешеси жок.
Мындан сырткары, жаңы жобого ылайык:
"калктуу конуштардын жерлеринде" жайгашкан участоктордун аянты иш жүзүндөгү чекке жараша аныкталат;
"айыл чарба багытындагы жерлерде" болсо, турак үй куруу үчүн участок аянты жергиликтүү чектөө жоболоруна жана расмий схемаларга ылайык болот.
Буга чейин минкаб башчысы мыйзамдаштыруу иштерин жыл соңуна чейин бүткөрүү зарылдыгын белгилеген.
Өлкөдө 2022-жылдан бери "жер мунапысы" аталган өнөктүк жүрүп келе жатат. Анын алкагында өлкөдө тополоң учурларда айыл чарба жерлерине куруп алган үйлөр калктуу конуш катары мыйзамдаштырылууда. 2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон.