БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Афганстан Кыргызстандын колдоосуна ыраазылык билдирет жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар. Муну Астанадагы форумда Афганстандын өнөр жай жана соода министри Нуриддин Азизи айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Эл аралык форумдун алкагында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Данияр Амангелдиев Нуриддин Азизи менен жолуккан.
Амангелдиев Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди чыңдоого маани берерин жана бул өлкөдөгү туруктуулукту аймактык коопсуздуктун эң маанилүү фактору катары карай турганын белгилеген.
"Ал (Амангелдиев – ред.) Кыргызстан азыркы афган бийлигинин өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин колдой турганын жана алардын элинин өз келечегин өз алдынча аныктоо укугун сыйлай турганын белгиледи. Анын айтымында, Бишкек Афганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга багытталган эл аралык, аймактык демилгелерге активдүү катышууда", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Амангелдиев кыргыз тарап азыркы афган бийлигинин өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин колдоорун, аталган элдин өз келечегин өзү аныктоо укугун сыйлаарын кошумчалаган.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, алардын рыногуна кыргыз продукциясын, айыл чарба товарларын, кездеме, жабдууларды экспорттоону талкуулаган.