31-майга карата аба ырайы

31-майда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ишембиде жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 21…26, Талас өрөөнүндө 20…25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көл жеринде 17…22, Нарын чөлкөмүндө 13…18 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 22…24, Ош шаарында 21…23 градуска жетет.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу