ЦУМдун жанындагы жер өтмөк жана унаа токтотуучу жайдын курулушу видеодо

Бишкектин Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде ири жер өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу үчүн капсула салынды.
Sputnik
Иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев катышкан.
Долбоордун жалпы аянты 20 миң чарчы метрден ашат, ал эми өтмөк эскалатор жана лифт менен жабдылат. Унаа токтотуучу жай 220 автокөлүккө ылайыкталган.
"Олд Бишкек" долбоорун мурдагы мэр Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык компания ишке ашырууда. Курулуштун бюджети 2 миллиард сомду түзөт.
Шаар мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, долбоор аяктаганда шаар тургундары заманбап инфраструктурага ээ болушат, бул борбордогу жол кыймылын жеңилдетет.
"Көп функциялуу жер алдындагы өтмөк болот, анда соода борборлору да жайгашат. Бир эле курулуш аркылуу унаа токтотуучу жай, жөө жүргөндөрдүн коопсуздугу, тыгын сыяктуу бир нече маселени чечебиз. Жол кыймылын көзөмөлдөө зарылдыгы жоюлат. Долбоор ички инвесторлордун эсебинен ишке ашырылып жатканы маанилүү", — деди Жунушалиев.
Бардык иштерди эки жыл ичинде аяктоо пландалууда.
Эске салсак, Чүй проспекти менен Шопоков көчөсү учурда жабык.
Тема боюнча:
Клиниканын чатырына тик учак конот. Касымалиев Оштогу 4 объектинин курулушун көрдү