Радио

Кыргызстанда зергерчилик тармак эми көмүскөдөн чыгат

Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов жеңилдетилген 0,25 пайыздык бирдиктүү салык зергерчилик тармакты легалдаштырууга, инвестициялоого жана экспорттоого жол ачарын айтты.
Sputnik
Зергерчилик тармакты өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы чыгып, зер буюмдарды жасаган ишкерлердин 80 пайызы кошумча нарк салыгынан бошотулду. Мындай кадам жаңы экономикалык сектордун жигердүү өнүгүшүнө жол ачат. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, зергерчилик тармагы салыктарды кыскартуу жана мамлекеттик колдоонун аркасында тигүү тармагындагы ийгиликтерди кайталай алат.
"Ушул жылдын 18-апрелинде президент Садыр Жапаров ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүү, салык системасын жөнөкөйлөтүү жана көмүскө экономикадан чыгуу максатында зергерчилик тармакты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Мындай кадам жаңы экономикалык сектордун жигердүү өнүгүшүнө жол ачат. Жеңилдетилген 0,25 пайыздык бирдиктүү салык зергерчилик тармакты легалдаштырууга, инвестициялоого жана экспорттоого мүмкүндүк берет. Буга чейин бул сектордун 80 пайызы көмүскөдө болгон. Эми бул көрсөткүч азайып, ак ниет ишкерлердин саны өсөт. Муну мүмкүнчүлүк катары караш керек. Салыктарды кыскартуу жана мамлекеттик колдоонун аркасында тигүү тармагындагы ийгиликтерди кайталай алабыз деп турабыз", — деди Акматов.
Ошондой эле ал кыргыз зер буюмдары көбүнесе ЕАЭБге кирген Казакстан, Россияга экспорттолорун кошумчалады.