БИШКЕК, 26-май — Sputnik. 27-май, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу болушу болжолдонууда. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Талас, Нарын аймактарында +19...+24, Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте ала булут каптап, күндүн табы +22...+24, Ош шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп +21...+23 градус жылуу болору күтүлөт.