25-майга карата аба ырайы

25-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 25-май, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад облустарында +30...+35, Баткен өрөөнүндө +29...+30, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын жергесинде +23...+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында +29...+31, Ош калаасында +31...+33 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте One Run эл аралык жарым марафону өттү. Видео