БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Өлкөдө 10-июндан баштап "Нелегал" аталышындагы рейд жүрүп, чет элдиктер текшерилерин атайын кызматтан билдиришти.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин төрагалыгында мекемелер аралык жыйын өткөн. Анда өлкөдөгү миграциялык абал талкууланган.
Жыйындын жүрүшүндө Ташиев өлкөдөгү саясий-коомдук абалдын жакшырышынан улам мигранттардын саны өсүп жатканын айтты. Маселен, жыл башынан бери 61 миң турист, 30 миң студент, 12 миң эмгек мигранты, 10 миң киши ишкердик, үй-бүлөлүк шарттар менен келген. Ал эми беш миң адам мыйзамсыз киргендер экени белгиленди.
"Көпчүлүк чет элдиктер турист же студент катары кирип, мыйзамсыз иштешүүдө. Айрым ишканалар жана окуу жайлар мигранттардын виза мөөнөтүн узартпай, чет элдиктер начар абалда жашап жатат. Бул алардын мыйзамды, коомдук тартипти бузушуна алып келүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ушуга байланыштуу 10-июнда "Нелегал" рейди жүргүзүлөт. Ага чейин документтер мыйзамдаштырып туураланышы, болбосо чет элдиктер өлкөдөн өз алдынча чыгып кетиши керектиги кошумчаланган.