Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Россия менен Украина ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүнү дароо баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Россия менен Украина ок атууну жана жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүнү дароо баштайт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө башчыларынын лидерлери эки сааттан ашуун баарлашкан.
Трамптын айтымында, сүйлөшүү абдан жакшы маанайда өттү. Ал согушту токтотуунун шарты кандай болорун тирешкен эки тарап гана чечерин белгилеген.
АКШ президенти Москва менен Киевдин жолугушуусу үчүн Ватикан аянтча болуп берүүнү сунуштаганын кошумчалады.
"Абдан жакшы сүйлөшүү болду. Россия согуш бүткөндөн кийин АКШ менен масштабдуу соода жүргүзүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Мен да муну колдойм", — деди Трамп.
АКШ президенти РФ лидери менен сүйлөшкөндөн кийин тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүн баштоо чечими кабыл алынганы тууралуу Киев режиминин жетекчиси Владимир Зеленский, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Франция президенти Эммануэль Макрон, Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони, Германия канцлери Фридрих Мерц жана Финляндиянын президенти Александр Стуббду маалымдар кылганын белгиледи.
Бул — эки президенттин үчүнчү ирет сүйлөшүүсү. Лидерлер алгач февралда, андан соң мартта баарлашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орбан: Украинанын ЕБге кириши ириде Венгрия үчүн чоң кооптуулук жаратат