"Газпром": үйдү газ менен жылытуунун чыгымы көмүр жана электрден айырмаланбайт

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Үйдү газ менен жылытуу көмүр жана электрден айырмаланбайт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалыматында айтылган.
Компания 100 чарчы метр үйдү жылытуунун мисалында чыгымдарды санап чыккан.
"100 чарчы метрлик үйдү электр энергиясы менен жылытуу үчүн айына 3 789 киловатт-саат талап кылынат. Бул болжол менен 8 992 сом. Көмүр менен жылытууда 1 тонна 323 килограмм керектелет. Орточо баа 6 500 сомдон алганда, чыгым 8 миң 600 сомдун тегерегинде болот. Ал эми газ менен 397 кубометр сарпталып, чыгым 9 миң 022 сомго жетет", — деп жазылган маалыматта.
Анткен менен газ экологиялык жактан таза болуп саналары белгиленген.
Эске салсак, Бишкек шаарын, Чүй облусун толук газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо шарты менен үчүнчү долбоор ишке кирди. Анын алкагында 200 миллион сом каралып, 150 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз, үч пайыз менен берилмекчи.
"Газпром Кыргызстан": 3-4 жылдын ичинде Бишкек толугу менен газдаштырылат