Эвакуатор жүктөп кеткен автоунааны тиркемеден таап алуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Эвакуатор жүктөп кеткен автоунаа кайда экенин онлайн билүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Бишкек мэриясынан "Менин шаарым" мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулганын билдиришти.
Ал функцияны колдонуш үчүн "Кызматтар" бөлүмүнүн "Эвакуатор" деген жерине автоунаанын мамлекеттик номерин киргизүү керек. Эгер автокөлүк эвакуацияланган болсо, тиркеме анын учурдагы жайгашкан жерин картадан көрсөтүп, токтотулган атайын аянттын дарегин берет.
Бул iOS жана Android үчүн ыңгайлуу. Жаңы функцияны колдонуу үчүн "Менин шаарым" тиркемесинин акыркы версиясын жүктөп алуу сунушталарын айтышты.
Кайсы жол эрежелерин бузган айдоочулар кайра экзамен тапшырат? Жообу