Министрлик альтернативалык кызмат өтөөнүн акчасын көтөрүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Коргоо министрлиги альтернативалык аскердик кызмат өтөө үчүн төлөнө турган акчанын суммасын көтөрүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Бул система 1993-жылы киргизилип, ар кандай шартка байланыштуу аскерге жарабагандар үчүн каралган. Акчанын көлөмү акыркы жолу 2017-жылы өзгөргөн. Андан бери өлкөдө орточо айлык 14 335 сомдон 35 791 сомго жеткен.
Мындан улам төмөнкүдөй кылып көтөрүү сунушталды:
үй-бүлөлүк шартынан улам бара албагандарга — 25 миң сом (18 миң болгон);
ден соолугунан улам кызмат өтөй албагандарга — 40 миң сом (25 миң);
диний ишениминен улам курал колдонбогондорго — 50 миң сом (25 миң).
Демилгечилер сунушталган өлчөмдөр өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жана инфляция деңгээлине ылайык келерин белгилешүүдө.
Коргоо министри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады