БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Эртеңден баштап 28-майга чейин баш калаадагы жылуулук түтүктөрү басым менен сыналат. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сыноо жүргүзүлө турган тилкелер тууралуу маалымат күн сайын берилет.
"Сыноолор жыл сайын жүргүзүлөт, себеби жылуулук түтүктөрүнүн жарылышы ыктымал болгон жерлерин аныктоо зарыл. Бул жылытуу мезгилиндеги кырсыкты алдын алат. Сыноолордун жүрүшүндө түтүктөр иштен чыгып, асфальт жарылып, суу капташы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Жогоруда сүрөттөлгөндөй көрүнүш болсо төмөнкү номерлерге чалыңыздар:
Диспетчердик кызмат: (0312) 56-85-58;
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980;
0557 61-11-66, 0777 61-11-66, 0701 61-11-66.