Ар кимдин жуунуу адаты ар кандай. Кимдир бирөө таң атпай муздак суу менен жуунуп, өзүн сергитет. Бул кандын айлануусун жакшыртып, иммунитетти чыңдайт. Ошондой эле стрессти азайтып, организмди тонуска келтирет. Айрымдары кечинде ысык душка түшүп, денесинин чарчоосу тараганын жакшы көрөт. Ысык суу менен жуунуу булчуңдарды эс алдырып, уйкунун сапатын жакшыртат. Ал эми өтө ысык же өтө муздак суу теринин абалына терс таасир тийгизет. Ошондуктан жуунууда суунун организмге туура келген температурасын тандоо маанилүү. Жуунганда денеге коопсуз жана жагымдуу суу бул жылуу суу болуп саналат. Акыркы жылдары контрасттык душ (ысыкжана муздак сууну кезектештирип жуунуу) кеңири таралып жатат.
Ал кан айланууну активдештирип, терини чыңдайт, стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Аны күнүмдүк адатка айлантса болобу? Бул ыкманы кандай адамдар колдонушу керек?
"Көз мончок" программасынан тыңдаңыздар.