Бишкекте ЖККУнун Парламенттер ассамблеясынын кеңеши жыйынга чогулду

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун парламент жетекчилери катышты.
Жыйында Нурланбек Тургунбек уулу киберкоопсуздук жана жасалма интеллект чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жөнгө салуу маселелерине көңүл буруп, жаштарды ЖККУ ишмердүүлүгүнө активдүү тартууну сунуштады.
"Жаштардын парламенттик платформаларды түзүү жана билим берүү программаларын ишке ашыруу кызматташтыкка жана тынчтыкка багытталган жаңы муундагы лидерлерди калыптандыруунун күчтүү фактору боло алат", — деди ал.
Анда Россиянын Мамдумасынын спикери Вячеслав Володин коопсуздукту чыңдоо чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилесе, Беларусь парламентинин жетекчиси Игорь Сергеенко ЖККУ парламенттеринин Евразия коопсуздугуна кошкон салымын жогору баалады.
Киберкоопсуздук жана маалыматты коргоо боюнча көйгөйдү Казакстан Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов да көтөрдү. Ал ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн бул багыттагы мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Ал эми Тажикстан парламентинин башчысы Файзали Идизода өлкөнүн түштүк чек араларындагы чакырыктар жана коркунучтар сакталып жаткан шартта ЖККУ алкагындагы кызматташтык ыкчам чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди.
ЖККУ өлкөлөрүнүн парламент төрагалары Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшту