Бишкектин канализация системасы 2027-жылга чейин реконструкцияланат

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкектин канализация системасы 2027-жылга чейин реконструкцияланат. Бул тууралуу 2026-2028-жылдарга карата түзүлгөн шаарды өнүктүрүү программасында жазылган.
Аталган документ Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна чыгарылды. Долбоор борбор калаадагы экологиялык, санитардык-гигиеналык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
"Тазалоочу курулмалар ондогон жылдар мурда салынып, учурда ашыкча жүктөм менен иштеп жатат. Система эскирип, экологиялык, инженердик талаптарга жооп бербей калган", — деп жазылган документте.
Долбоордун наркы 4,8 миллиард сом болуп, жарымы жергиликтүү бюджеттен, калганы инвестор тарабынан каржыланары кошумчаланган.
Канализациядан "фонтан" атылат. Депутат Бишкектин инфраструктурасы эскиргенин айтты