20-майга карата аба ырайы

20-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. 20-май, шейшембиде, күндүз күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24, Нарын жергесинде +18...+23 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +26...+28, Ош шаарында +29...+31 градуска чейин жетет.
ӨКМ: кечээки шамал Ысык-Көл, Нарын облустарында 500дөй курулушту талкалаган