БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соодада улуттук валютанын колдонулушу 98 пайызга жетти. Бул тууралуу Россия Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуп жатып билдирди.
Спикер Бишкекке бүгүн келди. Ал Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат.
“Былтыр товар айлантуу 13,5 пайызга өстү, жалпы көлөм 4,1 миллиард долларга жетти. Кыргызстан менен байланыш тууралуу кеп болгондо биз ортодогу соода улуттук валютага негизделип жатканын белгилейбиз. Улуттук валютанын үлүшү 98 пайызга жетти”, — деди Володин.
Анын айтымында, бул — жогорку көрсөткүч.