Өлкө боюнча 2,5 миңден ашуун эне президенттен сыйлык алат

Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров апаларды Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, жети жана андан көп бала төрөп, татыктуу тарбия берген 1 413 аялга Баатыр эне ордени берилмекчи.
Ал эми алты бала төрөп, жакшы тарбия берген 1 232 аял Эне даңкы медалын ала турган болду.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2012-жылдан тартып май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.
Өмүрдүн башаты. Жапаров Энелер күнүнө карата куттук айтты