Онкология жана гематология боюнча улуттук борборуна көптөн күткөн күн келип, өзөктүк медицина бөлүмү толук иштеп баштады. Заманга бап келген, жаңы технологиялардын жардамы менен дарыгерлер онкологиялык ооруларды эрте аныктоонун заманбап ыкмаларына мүмкүнчүлүк алышты.
Бул технология менен жыл сайын дарт аныктоо иштери көп жүргүзүлүп, ал дарыгерлерге бейтаптардын органдары, ткандары кандай экенин карап, жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.