Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматынан кетерин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматынан кетерин билдирди.
Ал соцтармактагы баракчасы аркылуу жашы келип калганына байланыштуу кызматтан кетүү үчүн президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаганын кабарлаган.
"43 жыл мамлекеттик кызматта болдум. Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин!" — деди ал.
Өлкөнүн башкы идеологу 8-апрелде 65 жашка толду. Аталган кызматка 2021-жылы октябрда дайындалган.
Сүйүнбек Касмамбетов: атам келгендерди Манасы менен тосуп, Манасы менен узатчу