БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков Москвадан россиялык кесиптеши Владимир Колокольцев менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Колокольцев Ниязбековду Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз элинин жеңишке кошкон чоң салымын белгиледи.
Ведомство башчылары ошондой эле мыйзамсыз миграция, киберкылмыштуулук менен күрөшүү, наркобизнес, эл аралык издөө жана башка темалар боюнча сүйлөштү.
Эки министр тең кызматташтык достук жана конструктивдүү маанайда экенин белгилешти.