Ага Советтер Союзунан тышкары Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы, Польша, Румыния жана Чехословакия кирген.
Бирикме 1954-жылы Батыш европалык союздун аскердик бөлүгүнүн түзүлүшүнө жана Германия Федеративдүү Республикасынын НАТОго кабыл алынышына жооп иретинде негизделген.
Уюмдун жогорку органы Консультативдик саясий комитет эле.
Бириккен командачылыкты Варшава келишими уюмунун Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы жетектеген. Бул кызматты Советтер Союзунун маршалдары Иван Конев, Андрей Гречко, Иван Якубовский, Виктор Куликов жана армия генералы Петр Лушев ээлеп турушкан.
1990-жылы уюмду реформалап, ага саясий мүнөз берүүнү чечишкен.
Варшава келишими уюмун таратуу боюнча документке 1991-жылы 1-июлда кол коюлган.