"Кыргыз кереметинин" бир "керемети" Геннадий Базаров тууралуу 15 факт

Sputnik
Геннадий Базаров бүткүл өмүрүн, чыгармачылык дараметин кыргыз киносун өнүктүрүүгө, улуттук колориттеги адамдардын образын жаратууга, жүрөгү бар киши суктанбай койбос таза жаратылышы бар жергебиздин ажайып көрүнүштөрүн кино экраны аркылуу дүйнөгө танытууга салым кошкон киши.
"Кыргыз керемети" деп атак алган, "Кыргызфильм" студиясында тартылган жана биздин кино ишмерлерибиз башка студияларда тарткан мыкты чыгармалардын катарында Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу", "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" деген көркөм фильмдери да турат.
Биз бүгүн таланттуу кинорежиссер, сценарист, теле алып баруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти, "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын эң жашы деп саналган Геннадий Базаровдун бейнесин ачып берген 15 фактыны сунуш кылабыз.
Туулган жери жана ысымынын сыры. Геннадий Базаровдун атасы Садыр Базаровдун түбү Кочкор районунун Чолпон айылынан. 1912-жылы туулган. 1931-жылдан тартып эле Нарын облусунун Кочкор, Ат-Башы, Жумгал райондорунда, Нарын облусунда соода, комсомол, билим берүү тармактарында, партиялык-советтик кызматтарда иштеген, 1955-1959-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат да болгон. Мына ошол "көчүп жүрмө" чоң кызматкердин үй-бүлөсүндө 1942-жылы 14-майда туулган баласы кайсыл жерге барбасын орус класстарында окуп, орусча сүйлөп, орусча жазып көндү. Садырдын бир досу болгон экен, орус улутунан, ал да обкомдо секратарь болуп иштеген, анын Геннадий деген уулу согушта каза болот. Жаңы төрөлгөн балага атасы тигил согушта каза болгон аяш уулунун атын коёт. Ал тогуз балалуу үй-бүлөдө чоңойду, апасы иштебей балдар менен гана алек болгон. Геннадий Базаровду теңтуштары эркелетип Гена дешчү.
Фрунзедеги балалык. Ал кезде азыркы Эркиндик саябанында атактуу адамдар көп жүрөр эле. Көбү "Ала-Тоо" кинотеатрына кирчү. Ошолордун бири Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковду режиссер жылуу сезим менен эстейт, "ал абдан токтоо, маданияттуу интеллигент эле, кино жана театр премьераларына жубайы экөө келип турчу" дейт Базаров. 1958-1961-жылдарда Кыргыз ССРинин министрлер советинин төрагасы болуп иштеген Казы Дикамбаевдин уулу Асан менен дос болуп, ал кишилердин үйүнө да көп барчу. Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун председатели Төрөбай Кулатовду, 1961-1968-жылдарда Кыргыз ССРинин министрлер советинин төрагасы болгон Болот Мамбетовду жакындан билчү, ата-энелери ушул кишилердей болгула деп өрнөк тутчу. Эң сүйүктүү жайы кинотеатрлар боло турган, ошол спектаклдерде, фильмдерде роль аткарган артисттер менен ал сейил бакта чогуу басчу. Ошентип көркөм өнөр дүйнөсүнө тартыла берген.
Тагдырдын "эркеси". Геннадий Базаровду "эрке бала" дешчү. Нарында облустун, райондордо райондун чоңунун баласы, соода тармагынын башчысынын баласы катары уруштан кийинки оор жылдар болсо да, башкаларга салыштырмалуу жетиштүү өстү: кием дегенин кийди, ичем дегенин ичти, өзү да мода менен жүрдү. Фрунзенин номер биринчи стилягасы эле. Окууларга да, жумуштарга да кыйынчылыксыз эле жетип жаткандай болду. Бирок партияга өтпөдү. Партияга өтүү үчүн сакал-мурутун кырып, чачын кыска кылып, куртка менен жинсы шымын чечип, костюм, шым кийип чыкыйып түз жүрүшү керек эле. Бул киши анте албайт болчу.
Режиссер Геннадий Базаров "Саманчынын жолу" тасмасын тартуу учурунда
Кинонун "баласы". Киного кызыгуусу аны "Кыргызфильм" студиясынын эшигин аттатты. 1959-жылы 16 жашында аталган мекемеде операторго ассистент, режиссёрго жардамчы болуп иштей баштады. Студияда жаш жигит фильм тартуу, актёрлорду тандоо, монтаждоо ж.б. чыгармачылык жана өндүрүштүк иштер боюнча көп нерсени үйрөндү. Бул профессионал катары камылга көрүүнүн башталышы, жогорку окуу жайына тапшыруунун зарыл шарты болгон. "Кыргызфильм" студиясында улуттук кадрлар таңсык болуп жаткан. Ошол жерден түз эле жолдомо алып, Москвага жөнөдү. 1961-жылдан 1967-жылга дейре Бүткүл союздук кинематография институтунда (ВГИК) режиссерлук факультетте окуду. Бул жерде советтик кинонун легендалары мастер-класстарды өткөн, дарс окуган, студияларда кошо жүргөн. 1964-жылы "Молитва" (кыргызчасы "Сыйынуу"), 1965-жылы "Пауза" (кыргызчасы "Тыным") деген аталыштарда курстук иштери катары кыска метраждуу фильмдерди тарткан.
Чыңгыз Айтматовдун ишеними. Ал кезде Чыңгыз Айтматовдун аты дүңгүрөп турган. "Бетме-бет" (1958), "Обон" ("Жамийла", 1959), "Кызыл жоолук жалжалым", "Ботогөз булак" (1961), "Биринчи мугалим" (1962) повесттери биринин артынан бири чыгып, окурмандарды тамшандырып жаткан. Булардын артынан күтүлгөн да, күтүлбөгөн да метафора-диалог, согушка каршы манифест чыгармасы "Саманчынын жолу" (1963) жазылды да, жазуучу өзү баш болуп бул сүйүктүү повесттин киного тарттыруу жолдорун издеп жатты. Ким тартат? Кандай тартат? Күтүлбөгөндөй бул кинонун тагдыры ВГИКтин режиссёрлук факультетинин бүтүрүүчүсү Геннадий Базаровго буйруп калды. Илмийген студентке эч ким деле ишенбеди. Курстук иштерин көрүп, устаттары менен аңгемелешип, айтор, Чыңгыз Айтматов ишенди, эки анжы болбой ишенди. Ишенди да, повестти киного айландыруу тагдырын ага кармата берди. Болгондо да дипломдук иш катары. Кандай эле жазуучу, атагы аалам аралап бараткан жазуучу жан эти менен тең, атасына арналган, Жер-Эне менен Адам-Эненин сүйлөшүүсүнөн турган чыгармасын дипломдук иш катары "бир балага" кармата салды экен деп азыр да таң каласың! Жазуучу ушул чыгарманы тартасың дегенде дипломго "бир нерсе" тартууну ойлоп жаткан Геннадий Базаров апкаарып калган, "Чыке, мен чоң кино тартып көрө элекмин да" деп тайсалдаган. Ошол кезде "Саманчынын жолун" ар бир советтик окурман окуп чыккан, чыгарманын негизинде ондогон театрларда спектакль коюлуп жаткан, демек, сюжет көпчүлүккө тааныш эле. Анан аны кайра колго алуу кыйын сыноо болчу. "Биз сенин курстук иштериңди көрүп чыктык, мен аңгемелериңди окудум, баштай бер, жаныңда жардам берип турабыз" дейт Айтматов. Кино тартыла баштады. Айтматов келген жок. Сүрдөдү. Алтымыш көздүн алдында өзүн эркин сезүү керек да. Эң чоң жардамды Толгонай – Бакен Кыдыкеева берген. Режиссёрду "уулум" дечү. Иш тез бүтөт. Жабык көрсөтүүдө эч ким жок залда чыгармачыл топ гана отурат. Көрүп бүтүшкөн соң, нени ойлоду, айтор, Чыңгыз Төрөкулович "Молодец, Гена!" деп режиссёрдун колун кысып, жакшы каалоо-тилектерин айтты. Бул фильм Геннадий Базаровго "Мыкты чыгармачылык дебют үчүн" дипломун алып келди.
Геннадий Базаровдун "Улица" тасмасынын тартылышы
Детектив кино жараткан. 1967-жылы тартылган "Саманчынын жолу" фильми ийгиликтүү болгон соң "Буктурма" деген фильмди тартууга киришти. "Засада" дешчү. Ошко жакын Ноокаттын адырларында тартылды. 1920-жылдардагы антисоветтик кыймылдар менен кызыл аскерлердин согушу тууралуу эле. "Кыргызфильмдеги" эң алгачкы окуялуу, уруш-талаштуу, атыш-чабыштуу кино тартуу кыйынга турган, анткени кино тармагындагы каскадёрлор жок болчу. Режиссер кызыл командир менен анын каршысындагы Бостонкул корбашынын образын жаратып жаткан. Бир жолу кино тартуу аянтына чоң-чоң жигиттер кара машиналар менен келип, эмнелерди тартып жатканын сурайт, көрсө, алар бир кездеги "басмачылардын" балдарынан экен. Ары тартышып, бери тартышып, акыры аларды араң жолго салат. Биз бала кезде Ноокаттын Шанкол айылынан адамдар аттарга минип, топ-топ болуп, Ак-Терек, Кара-Таш адырларына барабыз деп жөнөп калчу. Көрсө, аларды Гена байке массовкага тартып, колдоруна дурус эле акча да карматат экен. Фильмдин премьерасы 1970-жылдын 5-январында өттү.
Залкарлардын "Көчөсү". Кийинки эмгеги "Көчө" фильми болду. Бул да көбүнчө Ноокатта тартылды. Анын адабий негизин Мурза Гапаров жазган. Ата Журттан айрылгандардын трагедиясын баяндап, коомдук-социалдык, публицистикалык драма кылып жазган элем деп калчу жазуучу бул чыгармасы тууралуу, кийин эле комедия кылып ийди дечү. Базаровдун мындай деп айтканы бар: "1971-жылы Мурза: "менде бир сценарий бар, "Көчө" деген, окуп көрчү" деп калды. Окуп көрсөм, ушундай жарык, ушундай кызыктуу сценарий экен, дароо эле "Муке, уруксат берсең, мен тартайын" дедим. Анан тартып баштадык, 1971-жылы баштап, 1972-жылы бүттүк. Съемка учурунда Мурза биз менен жүрдү. Тартып жатканда ал жазган сценарийден эч нерсе калган жок. Рыскулов, Кыдыкеева, Жумадылов, Жангорозова сыяктуу залкарлар тартылды да, алар ойноп жатып импровизация кылып тексттерди алмаштырып жиберишчү. Алардын табылгаларына Мурза өзү да күлүп, "макул, макул, ушундай болсун" деп жатып сценарийи юморго байып, акыры жумшак юморлуу тасма жаралган". Ал эми Мурза Гапаров минтет: "...Генага мен зор ыраазымын, анан зор милдеткермин. Ушул фильмди тартты. Мени менен көп иштешти. Биринчи вариантым жакшы болчу. Бери калганда өзүмө өтө жакчу. Кайра-кайра оңдотуп жатып алышты. Бу жолу өзүбүздүн эле киностудиядагы чиновниктер. Бездарный эле кишилер. Кызматы гана бар. Мен баш ийип иштей бердим. Анда кино өткөрүү тозок эле: киностудиядан өткөндөн кийин республика Госкиносунан, андан кийин Москванын Госкиносунан өткөрүш керек. Ушундай бюрократиялык система болчу. Ошентип иштеп-иштеп отуруп, социалдык жагы мокоп отуруп, акырында комедияга жакыныраак, жеңилирээк, лирикалык фильм болду. Бирок өз учурунда эл дуулдап көрдү, державанын бардык дегидей республикаларына көрсөтүлдү, чет мамлекеттерге да сатылды. Генанын мыктылыгы – ушул фильмге Кыргызстандын театр, кинокорифейлерин тартты. Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Насыр Кытаев, Рысмендеева, эмне деген гана айкөлдөр! Эми ушулардын бардыгы кайтыш болуп кетти. "Көчө" фильми, мындайча айтканда, Ардак такта болуп калды. Портреттери сакталган фильмге айланды. Мукемдин акыркы фильми ушул болчу. Башка көркөм фильмге тартылган жок. Болгону өзү жөнүндө телеочерк тартылды. "Көчө" азыр да көрсөтүлө калат. Көргөн сайын ошол кишилерди элестетем. Менин көчөм эмес, жанагы кишилердин көчөсү болуп калды..."
Анча ийгилик алып келбеген эмгектери. 1976-жылы "Көздүн кареги" деген фильм тартты. Андан соң өзү сценарийин жазып, өзү режиссёр болуп, 1977-жылы "Жаңылыштык" ("Ошибка"), 1978-жылы "Каныбек", 1984-жылы "Биринчи" ("Первый"), 1985-жылы "Эки жаздан соң" ("Через две весны") деген фильмдерди жаратты. Бул чыгармалары ортозаар эмгек катары гана бааланып жүрөт, кинопрокаттан да жолу анча болбоду.
Режиссер Геннадий Базаров кесиптештери Бакыт Карагулов жана Лилия Турусбекова менен
Адам жана анын ыйманы тууралуу трилогия. СССРдин кулашы көп нерселерди өзгөрттү. Киного акча бөлүнбөгөнү – бир жагы. Экинчи жагы – советтик учурда адамдардын абийиринде уялаган ыймандык сапаттар жоголуп, руханий-нравалык баалуулуктар тепсендиде калды. Бул күтүлбөгөн процесс жазуучу жана киночу катары Геннадий Базаровдун жүрөгүн тепчип өтүп, башын чеңгелдетти. Деградацияга кабылган адамдарды, өзгөчө жаштарды оң жолго баштайын деп эптеп акча таап, сценарийин да өзү жазып, бири-бирине үндөш үч фильм жаратты. Алар: "Приют для совершеннолетних", "Заговор", "Аномалия". "Приют..." – баңгилерди дарылоочу диспансердеги турмуш, врач-нарколог (Советбек Жумадылов мыкты аткарган) жана азыркы адамдар тууралуу, "Заговор" абактан мунапыс менен бошотулган аял менен эркектин таң каларлык тагдырлары жөнүндө, "Аномалия" чөйрөдөн кандайдыр бир себептер менен түртүлүп калган жана ошондон улам бузулуп кеткен аялдар тууралуу. Бул үч фильм менен Геннадий Базаров коомдун жарасын тырмап, айматовдук маңкурттарды жаңыча өңүттөн ачып, баарыбызга "эсиңерге келгиле, кайда баратабыз" деп эскертүү берди.
Элге чыгарбай да койгон. Режиссердун "Аномалия" деген фильмин өзү иштеген телевидение да койбой жүрдү, себеби анда жылаңач тартылган кадрлар бар экен дешти. Туура, ал фильм ичкичтер жана бузулган аялдар тууралуу болчу да. "Карагыз" фильми да селсаяктар, денесин саткандар тууралуу эле, аларды да кеңири коомчулукка чыгарган эмес. Бирок ташыркап калбай тарта берди. 2007-жылы "Метаморфоза", 2008-жылы "Исход", 2009-жылы "Жаннат", 2012-жылы "Нонсенс" деген кинолорун жаратты. Булар философиялык маанисинин күчтүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турду.
Кинодокументалист. Геннадий Базаров – документалдык, өмүр баяндык көркөм фильмдерди жана киноочерктерди да профессионалдык бийиктикте жарата алган сүрөткер. Анын "Көркөм өнөр тууралуу кеп" ("Сказ об искусстве") (1974), "Оркестр" (1976), "Жазуучу" (1985), "Айтматов" (1988), "Гульсара" (1996), "Палитра" (1997), "Юбилей" (1997), "Интервью между дублями" (1998) деген фильмдери бир чети чоң иштердин арасындагы эс алуу кезинде тартылган эмгектер катары сезилсе, ошол эле кезде режиссёрдун адамдын ички дүйнөсүн аңтара белген психолог-киночу, адам тууралуу ар тараптуу ой жүгүртө билген сүрөтчү экендигин айта билгендигин тастыктайт. Бул кинобаяндар маал-маалы менен телеэкрандан көрсөтүлө калганда Геннадий Базаровдун сонун адамдардын сонун учурларын кармай билген көрөсөндүгүнө ыраазы болбой койбойсуң.
Режиссёр Геннадий Базаров жана СССРдин эл артисти Советбек Жумадылов "Приют для совершеннолетних" тасмасынын тартуу учурунда
Кара сөзчү. Ал жаш кезинен эле кинодон, киносценарийден тышкары көркөм чыгармаларды да жазып жүрдү, сүрөт да тартты. Орус тилинде жазчу. "Пауза для размышления" (1985), "Гримаса" (1995), "Стойбище" (2001), "Суть" (2002), "Хава Нагила" (2008), "Ноктюрн" (2009) деген аталыштагы повесттери "Литературный Кыргызстан" журналы аркылуу окурмандарын тартса, Чыңгыз Айтматов тууралуу жазылып, 1983-жылы жарык көргөн "Прикосновение к Личности" деген эссе-повести кыргыз маданиятынын бир бөксөсүн толтуруп, айтматов таанууга салым кошту.
Теле алып баруучулугу. Жаны тынбаган жайы бар Геннадий Садырович бир топ жыл телевидениеде алып баруучу болуп иштеди, автордук программасын негиздеди. ВГИКти бүтүрүп келгенден кийин эле "Кыргызфильм" студиясында 2002-жылга чейин режиссёр-коюучу, "Кыргызтелефильмде" режиссёр, директор болуп иштеп, Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясын негиздеп, анын президенти да кызматын аркалады.
Оорунун азабын тартты. Дем алышсыз иштей берүү, тынымсыз ой менен жүрүү анын ден соолугуна катуу таасир этти. Инсульт алды, инфаркт да болду, жакшы көргөн эки нерсесин – тамекиси менен кофесин таштоого туура келди. Ысык-Көлгө барып жашап жатты, неберелерин да ал жакка чакырып турду. Ошондо да жакшы фильмдерден көз үзбөдү. Жазган чыгармаларынын, тарткан сүрөттөрүнүн айрымдары жарыяланбай калды.
Жары, балдары. Биринчи жары менен оту күйүшпөй калган кез эле, "Көздүн кареги" деген фильм тартып жаткан, отуздан ооп калган, фильмге ассистент болуп бир жаш, сулуу кыз келген. ВГИКти бүтүптүр. Өзүнөн он бир жашка кичүү экен. Жөнөкөй, ачык-айрым ошол кыз анын кийинки тагдыры менен ортоктош болуп калат. Балдарды жакшы окутуп, тарбиялашты. Кызы Германияда жашайт, уулу Словенияда, кесиби сүрөтчү, музей кызматкери, бир кызы социолог, дагы бири компьютер менен иштейт. Өзү III жана II даражадагы Манас орденин алды. Кадырлуу аксакал болуп жашады. 2023-жылдын 6-февралында 81 жашында дүйнөдөн кайтты. "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлуп, мүрзө башына 2024-жылы Тамила Маматова жана Владимир Петров жасаган эстелиги орнотулду.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Темиркул Үмөталиев тууралуу 12 факт. "Кыз сүйө электе Аркытты сүйгөн" жоокер акын